Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Бин Ладендин тамынын ордуна мектеп курулат


Усама бин Ладен өлтүрүлгөн үйдүн ордуна Пакистан бийликтери мектеп же майыптар борборун курат. “Ал-Каиданын” ана башы былтыр майда Аббатабад шаарында АКШлык атайын күчтөрдүн операциясы маалында жок кылынган. Пакистан өкмөтү бин Ладендин үйү анын жактоочулары сыйынчу жайга айланып кетет деп кооптонуп, февралда тамды короо жайы менен кошо сүрдүрүп салган.

Улуттук гезиттер “бин Ладенден калган жерди эмне себептен өкмөт менчиктеп алды?” деп жазышкандан кийин, Хайбер-Пахтунхва штатынын диний иштер боюнча министри Нимроз Хан “Азаттык” радиосуна бин Ладендин тамы турган жай өкмөттүн менчигине өткөнүн, ал жерге мектеп же майыптар үчүн борбор куруларын билдирди. Маалыматтарга караганда, бин Ладендин жерине эч ким ээ чыккан эмес.

XS
SM
MD
LG