Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Алматыда кечээ полиция атайын операциясында алты адамды өлтүрдү


Казакстандын полициясы Алматыда куралчан топту кармоо боюнча атайын операция откөрүп, алар каршылык көрсөтүшкөндүктөн баары өлтүрүлгөндүгүн кабарлады. Операция адамдар жашаган көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Ал адамдар өткөн ишембиде полисмендерге болгон чабуулга катышкан жана бирөөсүн өлтүрүп, экинчисин жарадар кылышкан деп айтылган эле. Азыр тындым кылынган кылмышкерлердин баарынын аты-жөнү такталды. Көрсө алар түрдүү кылмыштар менен буга чейин түрмөгө отуруп чыккандар экен. Полициянын айтымында, ал үйдөн 130 киши башка жакка чыгарылгандан кийин гана атайын топ кылмышкерлер жашырынышкан батирге чабуул койгон.

XS
SM
MD
LG