Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Шашылыш билдирүү: Сел жүрүшү мүмкүн


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиришинче, 4-августка чейин республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

1-августта түнкүсүн дээрлик жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34 градус болот.
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31 градус.
Баткен облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33 градус.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34 градус.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+17, күндүз +21…30 градустун тегерегинде аймактарга жараша өзгөрүп турат.
Нарын облусунда түнкүсүн +11…16, күндүз +24…+29 градуска барабар.

1-августта Бишкек шаарында асманды ала булут каптап турат. Күндүз күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн +20... +22, күндүз +32... +34 градус болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 30-июлда күндүз 23, ал эми 31-июлда эртең менен 21 градус жылуу болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG