Бүгүн Кемин районунда “Кемин” подстанциясынын пайдубалын түптөө иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир катар жетекчилер катышат.
Курулушу өткөн аптада башталган 500 киловольт “Датка-Кемин” электр линиясын жана “Кемин” подстанциясын курулушун Кытай каржылайт. Президент Алмазбек Атамбаевдин 5-6-июндагы Кытайга болгон сапарында жетишилген келишимге ылайык, Кытай 390 млн. доллар насыя бөлөт. Курулуш иши эки жарым жылга созулары күтүлүүдө.
Кыргыз жетекчилери бул курулушту Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүүдөгү негизги кадамдарынан экенин белгилеп келишет.(BkA)