Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун кошумча варианты сунушталды


Бүгүн транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов Дүйнөлүк банктын темир жол курула турган аймакты иликтөө миссиясы менен жолугуп, аларга Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун альтернативдүү багытын сунуштады. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, кыргыз өкмөтү альтернативдүү вариантта темир жолду айыл жерлери аркылуу өткөрүп, тоннель, көпүрөлөрдү курууга кеткен чыгымдарды азайтууну сунуштоодо. Өкмөттүн жүйөсүнө ылайык, темир жол түз жерлер аркылуу өтсө, жол узарса да чыгымдар кыйла азаймакчы. Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү альтернативдүү жол экологияга канчалык таасир тийгизерин карап, өкмөттүн сунушун иликтеп чыкмай болду.

Кытай мамлекети аталган темир жолду курууга кызыкдар экенин билдирип келет. Бирок Кыргызстанда бул долбоорду каржылоо маселеси чечиле элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG