Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

Кеңешбек Дүйшөбаев менен Эдил Байсалов мамкызматка келди


Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси болуп дайындалды. Мындай буйрукка премьер-министр Өмүрбек Бабанов кол койгонун өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров “Азаттыкка” билдирди. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен “Айкөл-Эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматын ээледи. Байсалов министрдин милдетин убактылуу аткара турган болду.

Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматынын мурдагы башчысы Виталий Орозалиев жана анын эки орун басары мекемедеги кетирилген алешемдиктер үчүн июль айында кызматтан алынган.

2010-жылдын 7-апрелинен кийин УКМКны жетектеген Кеңешбек Дүйшөбаев президент Алмазбек Атамбаев ишке киришкенден кийин кызматтан кеткен.

Эдил Байсалов апрель окуяларынан кийин Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы катары иштеп, 2010-жылдагы парламенттик шайлоого "Айкөл-Эл" партиясы менен катышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG