Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Татарстандын ислам лидерлерине кол салган экстремист “көшөгөсүн” ачты


Татарстандын диний жетекчилерине өткөн айда жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти ислам согушчаны өзүнө алды. 19-июлда Казан шаарында Татарстандын муфтийи Илдус Файизге автомобилине коюлган бомбадан оор жарадар болгон. Анын орун басары Валиулла Якуповту ошол эле күнү, андан бир аз мурдараак атып кетишкен.

Чечен согушчандары колдонуп жүргөн “Кавказ-Центр” сайтына жайгаштырылган видеотасмада өзүн Мухаммед жана “Татарстан мужахиддеринин эмири” деп атаган адам “Кудайдын душмандары Илдус Фаиз жана Валиулла Якуповго каршы чабуул “менин буйругум менен жасалган” дейт.

XS
SM
MD
LG