Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:51

Теннисчи эже-сиңди Вильямс Лондондо да алтын медаль жеңди


Америкалык теннисчи эже-сиңдилер Серена жана Венус Вильямс чехиялык атаандаштарын утуп, жупташып ойноодо үчүнчү жолу Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү болушту. Жалгыз ойноодо Венус Сиднейдеги Олимпиадада алтын жеңсе, Серена Лондондо жеңди. Аялдар арасында 42 чакырым 195 метрге жарышууда эфиопиялык жөө күлүк Таки Гелана 2 мүнөт 23.07 секундда келип, алтын медаль алды. Экинчи орунду кениялык, үчүнчүнү орусиялык ээледи. Кыргызстандык Юлия Андреева-Архипова маарага 60-болуп келди.

XS
SM
MD
LG