Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Кыргызстан Литванын коррупцияга каршы тажрыйбасы менен таанышат


Дүйнөлүк банк Кыргызстанда жарыяланган коррупцияга каршы күрөшкө жардам иретинде чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен тааныштырууну чечти. Ушул жумада аталган банктын чакыруусу менен Бишкекке Литванын адистери келет. Алар мамлекеттик кызматта иштегендердин чыныгы кирешесин кантип аныктаса болот, канткенде жалган маалымат бергендерди аныктоо мүмкүн деген суроонун тегерегинде талкуу уюштурат. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн Дүйнөлүк банктын Бишкектеги кеңсесинен кабарлашты.

Талкууга Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү, эксперттер жана журналисттер чакырылды.

Жакында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кирешеси жөнүндө декларация толтурган аткаминерлердин арасынан сексенге жакыны туура эмес маалымат бергенин аныктап чыккан болчу. Литва учурда мурдагы советтик республикалардын ичинен туруктуу өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG