Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Аксы: Эски шахтада бир адам набыт болду


Жалал-Абад облусунун Аксы районунда шахтада каза тапкан адамдын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Аксынын Ак-Жал айыл аймагынын Тегене айылында 1964-жылы туулган Жумабаев 3-августта эски шахтаны казып жаткан жеринен басылып калган. ӨКМнын 17 куткаруучусу жана жабырлануучунун туугандарынан 10 адам жардам берип, издөө-куткаруу иштерин жүргүзүштү.

4-августта Жумабаевдин жансыз денеси шахта ичинен чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG