Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Сирия премьер-министри өлкөдөн чыгып кетти


Премьер-министр Рияд Хиджаб кызматын таштап, үй-бүлөсү менен Иорданияга чыгып кеткени кабарланууда. Сириянын укук коргоочулар тобу экс-премьердин оппозиция тарапка өткөнүн билдирүүдө. Бирок бул маалыматты башка булактар тастыктай элек.

Рияд Хиджаб Сириянын премьер-министри болуп июнь айында парламенттик шайлоодон кийин дайындалган эле.
Ушул тапта Сириянын премьер-министрлигине вице-премьер Омар Галаванжини убактылуу дайындалганы кабарланууда.

Ал арада Сирияда кан төгүүлөр уланып жатат. 6-августта Дамаскта мамлекеттик телеканалда жардыруу болуп, үч кызматкер жараат алды. Алепподо дагы эле өкмөттүк армия менен козголоңчулар ортосунда айыгышкан кармаш жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG