Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Ооган парламенти коргоо министрине ишеним көрсөткөн жок


Ооганстандын коргоо министри Абдул Рахим Вардак парламент ага ишеним көрсөтпөй койгондон кийин кызматтан кетти. Парламент министрди соңку кездеги туташ жардырууларды жана кол салууларды алдын алалбай койду деп айыптады. Мындан бир аз мурда министрлер кабинетинин дагы бир таасирдүү өкүлү, ички иштер министри Бисмилаа Мохаммад Хан Пакистан менен чек арадагы кол салууга, бир нече жогорку кызматтагылардын өлтүрүлүшүнө байланыштуу парламенттин сынынан кийин жумуштан кеткен эле.

XS
SM
MD
LG