Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

USAID Ош жана Жалал-Абаддагы жаш ишкерлерди колдойт


АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча USAID агенттигинин колдоосу аркылуу Ош жана Жалал-Абаддагы 26 жаш ишкер жеке бизнесин баштоого мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору Улук Кадырбаев билдирди.

Анын айтымында, USAID, UNICEF уюмдарынын каржылык колдоосу менен аймактагы жаш ишкерлерге 20 миң сомго чейин колдоо көрсөтүлүп, ишкердикке керектүү жабдыктар сатылып берилет. Мындай укукка ээ болууну каалаган 400 талапкердин арасынан 26сы тандалып алынды.

Бул программа 2008-жылдан бери иштеп келатат. Буга чейин Нарын, Талас, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облусундагы жаш ишкерлер менен иштешкен. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG