Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Араванда ынтымак жана достук сынагы өтөт


Кыргызстандын эгемендигинин 21 жылдыгына жана быйылкы Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак жылына карата Оштун Араван районунун Али Анаров айыл аймагында достук жана ынтымакты бекемдөөгө багытталган иш-чара өтөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Эң мыкты келин» жана «Эң мыкты үй-бүлө» номинациялары боюнча сынак кыргыз тектүү жарандар жашаган Жаңы-Араван жана өзбек тектүү жарандар байырлаган Пахта-Дөбө айылдарынын тургундарынын катышуусунда уюштурулат. Улуттук ыр-бийлер тартууланат.

Сынакка Балдарды коргоо боюнча эл аралык уюм демөөрчүлүк кылат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG