Тегеран университетинин сейсмологиялык борборунун кабарына караганда, зилзаланын күчү Рихтер таякчасы боюнча 6,2 баллды түзүп, очогу Табриз шаарынан алтымыш чакырым аралыкта орун алган.
АКШнын Геологиялык кызматынын эсебинде, Ирандын аймагындагы бул жолку жер силкинүүнүн алгачкысынын күчү 6,2, андан кийинкиси 6,3 баллга жеткен.
Ишембидеги зилзаладан улам 1,5 миллион калк жашаган Табриз шаарынын тургундары арасында дүрбөлөңгө түшкөндөр болгон.
Жер силкинүүнүн күчү коңшу Армениянын борборунда да сезилип, Ереванда айрымдар үйлөрүнөн көчөлөргө чуркап чыгышкан.
Армян бийликтери баштапкы маалыматтар боюнча зилзаладан олуттуу зыян жоктугун билдиришти. (UE)