Тбилисинин шаардык соту оппозиция лидери, миллиардер Бидзина Иванишвилини анын банк эсебинен чыгарылган 2,5 миллион акча үчүн 12,3 миллион доллар айыпка жыкты.
Анткени мамлекеттик аудиторлор ал каражат октябрдагы парламенттик шайлоо алдында Иванишвилинин “Грузин кыялы” оппозициячыл коалициясын мыйзамсыз каржылоого жумшалуусу мүмкүн деп шек саноодо.
Кечээ Тбилисинин шаардык соту оппозициячыл коалициянын дагы бир мүчөсү, мурдагы футбол жылдызы Каха Каладзени да банк эсебинен чыгарылган 2 миллион доллар кандай сарпталганы боюнча маалымат бербегени үчүн 10,3 миллион доллар айыпка жыккан.
Миллиардер Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” коалициясы мурдараак октябрда парламенттик шайлоодо президент Михаил Саакашвилинин партиясын жана аны бийликтен кулатууну көздөрүн жарыялаган. (UE)