Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясы бүгүнкү кезексиз жыйынында өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин колдоп добуш берди. Фракция премьер-министр Өмүрбек Бабановду “убадаларын аткарбай, популизм менен гана алектенип жатат, эл аралык сапарларынын майнап чыкпай, маанилүү документтерге кол коюлган жок, Кыргызстан Олимп оюндарында өкмөттүн айынан куржалак калды”, деп сындап жатат.
Өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин “Ата Мекен” фракциясы көтөрүп чыккан. Буга чейин бул сунушту колдогон 45 депутаттын тизмеси бар экени айтылууда. (EBM)
Өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин “Ата Мекен” фракциясы көтөрүп чыккан. Буга чейин бул сунушту колдогон 45 депутаттын тизмеси бар экени айтылууда. (EBM)