Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:01

Бишкекте казак тасмаларынын жумалыгы башталат


Кинематографияны өнүктүрүү корунан кабарлашкандай, бүгүн Бишкекте казак тасмаларынын жумалыгы башталат. Жумалыктын алкагында Казакстан эгемендик алгандан кийинки жылдарда тартылган мыкты деп тандалган фильмдер көрсөтүлөт. Алардын арасында кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасына тартылган “Кош бол, Гүлсары” аттуу тасма да бар.

Бүгүн Бишкекте СССРдин эл артисти Асанали Ашимов, “Казакфильмдин” президенти Ермек Аманшаев баштаган казакстандык режиссер, актерлер жумалыктын ачылышын утурлай маалымат жыйынын өткөрүшөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG