Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Садыркуловдун иши боюнча сот жабык өтөт


Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча бүгүнкү соттук жараян жабык өтөт. Айыпталуучулардын биринин адвокаты Икрамидин Айткуловдун «Азаттыкка» билдиришинче, бүгүн “жашыруун” делген кызматкерлер көрсөтмө беришет.

- Бүгүн жашыруун кызматкер деген макамды алып жүргөн күбөлөр суракка алынат. Алар ачыкка чыгарылбай турган кызматкерлер болгондуктан ачык жараянда көрсөтмө бериштпейт,-деди Айткулов.

Маалыматка ылайык, 9-августтагы соңку соттук жараянда айыпталуучулардын бири Жаныш Бакиевдин мурдагы айдоочусу Алтынбек Амракуловго карата кылмыш ишин токтотуу чечими чыккан. Он күндүн ичинде тараптардан доо арыз түшпөсө айдоочуга коюлган айыптар жокко чыгарылмакчы.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов жана анын айдоочусу Кубат Сулайманов, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун өлүмүнө байланыштуу он кишиге айып тагылууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG