Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

«Ар-намыс» өкмөт башчыны сотко берээрин эскертти


«Ар-намыс» фракциясынын катчылыгы өкмөттүн аппарат жетекчилигине кат жолдоп, премьер-министр Өмүрбек Бабановдун фракция лидери Феликс Куловдун дарегине айткан сындарын четке какты. Катчылыктын жетекчиси Айбек Алсейитов Кулов паспорт жасоочу «Интел Линкс» компаниясынын кызыкчылыгын колдобогонун, убагында Жаныш Бакиевди мамлекеттик күзөт кызматына дайындады деген маалыматтар боюнча далил жок экенин билдирүүдө.

Мындан улам «Ар-намыс» өкмөт башчы айткан сөздөрүн кайра кайтарып алышы керектигин, мындай дооматтар улана берсе Кулов кадыр-баркын сотто коргоорун кабарлады.

15-августтагы өкмөттүн жыйынында премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Ар-намыс» партиясынан дайындалган мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Эмил Алиевди жана Феликс Куловдун сынга алган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG