Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:51

Сирияга чабарман Кофи Аннандын ордуна Брахими кызматка келет


Алжирдик дипломат Лахдар Брахими Сирия боюнча эл аралык чабарман Кофи Аннандын ордуна келүүгө макулдугун берди. Бул тууралуу маалымат агенттиктер Улуттар Уюмундагы булактарга таянып кабарлайт. Брахими өзү расмий түрдө жакынкы күндөрү жарыялайт. 78 жаштагы дипломат кызматка киришүүдөн мурда мандатын бекемдөөнү талап кылып жатканы дагы айтылды.

Кофи Аннан Улуттар Уюму менен Араб лигасынын Сирия боюнча чабарманы кызматынан 31-августта мөөнөтү аяктагандан кийин кетет. Мындай чечимге ал сунуштаган Сириядагы тынчтык планы ишке ашпай калганы негиз болгон.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириядагы кан төгүүлөрдүн күчөп бараткандыгына байланыштуу жазында жиберилген эл аралык байкоочулар миссиясынын ишин токтотууну чечти.

Президент Асад менен козголоңчулардын куралдуу кармашы уланып, ондогон адамдардын каны төгүлүп жатканы маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG