Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:43

36 калкты тейлөөчү кошумча борборлор ачылат


20-августтан тартып Бишкекте 10, Чүй, Жалал-Абадда 7ден, Нарында 5, Ысык-Көлдө  6, Таласта 3, Ош облусунда 8 жана Баткенде 4 калкты тейлөөчү борборлор ачылат. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, жер-жерлердеги элүү почта түйүнүн ушундай борборго айландыруу үчүн бюджеттен 50 млн. сом бөлүнгөн.

Буга чейин премьер-министр Өмүрбек Бабанов өлкөнүн бардык аймактарында 50 калкты тейлөө борборун ачууну тапшырган. Бул ишти аткаруу Мамлекеттик каттоо кызматы менен “Кыргыз почтасы” ишканасына тапшырылган болчу. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG