Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Быйыл 20 жаңы мектеп пайдаланууга берилет


Бул тууралуу премьер-министр Өмүрбек Бабанов Баткенде Кадамжай районундагы Алга айылында жаңы мектепти ачып жатып билдирди. Өкмөт башчы учурда 90 мектеп курулуп жатканын, анын ичинен 20 мектеп жаңы окуу жылында пайдаланууга берилерин маалымдады.

Буга чейин Ошто алты мектептин окуучулары жаңы окуу жылын чатырларда тосоору маалымдалган. Нарындын Кочкор районундагы Молдо Кылыч айылында жер титирөөдөн урап калган мектептин ордуна курулуп жаткан жаңысы бүтпөй турганы, окуучулардын кайда окууру белгисиз экени айтылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG