Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Оогандык көчмөн кыргыздарды тарткан сүрөтчү National Geographic Traveler 2012 сынагында жеңди


Ооганстандагы көчмөн кыргыздардын жашоосун чагылдырган сүрөтчү National Geographic Traveler 2012 эл аралык сынагында жеңүүчү болду. Жыл сайын өтүүчү эл аралык фотосынакка 152 өлкөдөн 6 миңден ашуун фотографтар 12 миң сүрөт жиберген.

1-орунду француз Седрик Хоуиндин Ооганстандын Вахан өрөөнүндө жашаган уруунун аялдарын тарткан сүрөтү жеңди. Сүрөттө көчмөн уруулар жашаган боз үйдөгү салттык жана жана заманбап оокаттардын (сыналгы, үналгы, спутник табак, уюл телефон, күн нурунан жарык алган жабдык) айкалышы, улуттук кийимчен эне менен кызынын үй тиричилиги менен алектенип жаткан көз ирмеми тартылган.

XS
SM
MD
LG