Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:26

“Ар-намыс” техникалык өкмөт түзүүгө каршы


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин” “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, техникалык өкмөт түзүлгөн шартта жоопкерчилик болбой калат.

Буга чейин коалиция түзүү мандатын алган Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков мурдагы өкмөттүн жакшы иштерин улап кете турган техникалык өкмөт түзүүгө аракет кылып жатышканын “Азаттыкка” билдирген. КСДП ушул убакка чейин “Республика”, “Ар-намыс” фракциясынын жетекчилери менен жолукту. Бир саамдан кийин “Ата-Журт” жана “Ата Мекен” фракцияларынын лидерлери менен сүйлөшүү болот.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев жаңы коалиция түзүү мандатын Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясына тапшырган. (КЕ)
XS
SM
MD
LG