Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Ооганстанда 17 тургундун башы алынды


Он жети адамдын, анын ичинде эки аялдын башы алынган окуя түндө өлкө түштүгүндө, Талибандын таяныч бекети катары саналган Гильменд провинциясынын Заминдавар кыштагынын жанында болгон.

Гильменддин облустук өкмөтүнүн басма сөз катчысы Дауд Ахмадининин “Азаттык” радиосунун ооган кызматына айтканына караганда, козголоңчулар кыштак тургундарын элди аларга каршы көтөрүлүүгө үндөгөнү үчүн жазалагандай:

- Бул он беш киши жана эки аял өкмөт менен байланышта болгону үчүн өлтүрүлгөндөй. Душман коркуп кеткен. Анткени жергиликтүү тургундардын каршылыгы күчөп, козголоңчулардан кетүүнү талап кылууну көздөп жатышкан. Менимче, алардын ушул планы ачыкка чыгып кеткен.

Талибан ооган жана НАТО күчтөрү менен кызматташкан тургундардын башын алганы үчүн буга чейин да айыпталган.

Бирок айрым маалымат агенттиктери жергиликтүү башка расмий өкүлдөргө шилтеме жасашып, башы алынгандар эркектер жана аялдар бирге чогулган олтуруш үчүн жазаланган болушу мүмкүндүгүн да кабарлашты.

Бул аралыкта бүгүн ошол эле Гильменд провинциясында көзөмөл бекетке жасалган кол салуудан ооган армиясынын он жоокери мерт болгон. Ал эми Лагман провинциясында ооган армиясынын жоокеринин огунан НАТОнун эки аскери каза тапкан. (UE)

XS
SM
MD
LG