Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Чечен лидери Ингушетия менен чек араны тактагысы келет


Рамзан Кадыров жана Юнус Бек Евкуров.
Рамзан Кадыров жана Юнус Бек Евкуров.
Чеченстандын Кремль колдогон лидери Рамзан Кадыров бүгүн коңшу Ингушетияны “чечен аймагына кол салып жатканы” үчүн айыптады жана Орусиянын Түндүк Кавказдагы эки республикасы ортосунда “административдик чек араны” түзүүгө чакырды.

Өз кезегинде Ингушетия лидери Юнус Бек Евкуров эки республика ортосунда административдик чек ара түзүү зарылчылыгы “бир топ мурда эле” жаралганын белгиледи.

Мунун алдында эки тарап бири-бирин өз аймагында согушкерлердин терракттарды жасоосун алдын алуу багытында жетиштүү чара көрө албай жатышканы үчүн күнөөлөшкөн болчу.

Совет доорунда маданияты, тили, дини, тарыхы жакын Чеченстан менен Ингушетия бир республика болчу. Алар 1992-жылы чечен жикчилери көз карандысыздык талап кыла баштаганда бөлүнгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG