Баткен облусунун тиешелүү жетекчилери тажикстандык кесиптештери менен 28-августта чек арадагы соңку окуяларды талкуулоо үчүн жолугушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын төрагасы Анарбай Алимбеков билдирди.
Анын айтымында, Тажикстандын Исфара районунун Кожо-Ало айылында боло турган жолугушууга жергиликтүү аксакалдар да келет.
23-августтан бери Тажикстандын Исфара районунун Кыргызстан менен чектешкен Мачаи, Ворух айылдарын аралап өткөн жолдо баткендиктерге тиешелүү 4 жеңил автоунаанын айнектери талкаланган. Бул окуялардан улам Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун жамааттык башкармалык өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүштү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тажик тарап келтирилген чыгымдарды калыбына келтирип бермей болду. Мындан тышкары эки өлкөнүн жергиликтүү күч кызматтары аталган аймактарда биргелешип көзөмөл жүргүзүшөт.
Кыргыз чек арачылары өткөн жумада 6 тажик жаранын чек араны мыйзамсыз бузуп өткөнүнө байланыштуу кармаган. Баткен районунун акими Сейитмурат Калыковдун пикиринче, кошуна өлкө жарандарынын өтүп бараткан унааларга жашырынып таш ыргытып жатышы ушуга байланыштуу болушу мүмкүн. (ZB)