Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Бишкектеги Беларус элчилигинин айнектери талкаланды


“Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” бирикмелеринин өкүлдөрү Беларустун Бишкектеги элчилигинин айнектерин талакалап, тегерек-четиндеги тосмолорду сындырганга аракет кылышты. Окуя болгон жерде жүргөн кабарчыбыз Улан Асаналиевдин айтымында, азыр элчиликтин алдына топтолгон 50-60 адам элчи Виктор Денисенконун чыгышын талап кылышууда. Азырынча элчиликтен эч ким чыгып, нааразы болгондор менен жолугуша элек. Окуя болгон жерге кошумча милиция кызматкерлери да келишти. Жалпысынан 20дан ашуун милиция коомдук коопсуздукту сактап турат.

Кечээ укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Беларус Бакиевдерди Кыргызстанга бербегени үчүн элчиликтин ишин токтотууну талап кылып, элчиликтин алдына жатып алган. Бүгүн Токтонасыровго “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” уюмдарынын өкүлдөрү кошулуп чыккан болчу. Бул уюмдарды 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуяларда жабыр тарткандар жана жакындарынан айрылгандар түзгөн.

Жакында беларустук активист Михаил Пашкевич Кыргызстанда бир катар оор кылмыштар үчүн айып тагылып, Интерпол аркылуу издөө салынган мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевди Минскиде көргөнүн жазып чыккан. Андан сырткары мурдагы президент Курманбек Бакиев да үй-бүлөсү менен Минскиде жашап жатканы белгилүү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG