Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

БУУ: Сириялык качкындардын саны 214 миңге жетти


Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча мекемесинин билдиришинче, бул көрсөткүч дагы көбөйүшү мүмкүн. Мекеменин өкүлү Мелисса Флемингдин айтымында, Иорданияга эле акыркы аптада 10 миңден ашык сириялык жаран качып барган. Дүйшөмбү күнү греко-католиктер чиркөөсүнүн бир нече иерархтары, анын ичинде Алеппо шаарынын архиепископу Ливанга качып чыкканы кабарланды. Ага чейин анын резиденциясы өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулардын кармашуусу учурунда талкаланган эле.

XS
SM
MD
LG