Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:06

Британ канышасы Паралимпиада оюндарын расмий ачык деп жарыялады


Шаршембинин түнүндө Лондондо каныша Элизавет II майып спортчулар таймаша турган Паралимпиада оюндарын ачык деп жарыялады. Оюндардын ачылуу салтанатын дүйнөгө таанымал физик окумуштуу Стивен Хокинг алып барды. (Стивен Хокинг эске тутуусун жоготкон, сүйлөй албайт, бирок ага карабастан атайын компьютердин жардамы менен сүйлөшөт). Театрлашкан азем Хокинг жазган “Чоң жарылуунун” элесин берген оюн-зоок менен башталды.

Паралимпиадалык оюндар спорттун 20 түрү боюнча 9-сентябрга чейин Лондондо өтөт. Ага 166 өлкөдөн 4 миңден ашуун спортчу катышат. Кыргызстандан эл аралык спорт чебери Эсен Калиев 52 килограм салмакта чалкасынан жатып, оордук көтөрүү (пауэрлифтинг) боюнча күч сынашат. Эгемен Кыргызстандын спортчулары 5-ирет Паралимпиадага катышууда.

XS
SM
MD
LG