Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:03

Москвада оппозиция “Миллиондор маршын” өткөрүүгө арыз берет


15-сентябрда Москванын борборунда кезектеги “Миллиондор маршын” өткөрүүгө уруксат сураган арыз шаардык бийликке берилет. Бул тууралуу «Тилектештик» кыймылынын активисти Сергей Давидис билдирди.

Москвада “Миллиондордун маршы” 6-майда Болотная аянтында өткөн. Акциянын катышуучулары менен полиция кагылышкан. Башаламандыкта 4 жүздөн ашуун киши кармалган.

Кечээ Москвада Тергөө комитетинин алдында оппозициялык акциянын бир нече катышуучулары кармалды. «Солчул фронттун» лидери Сергей Удальцов 15-сентябрга пландалган акцияга чакыруу баракчаларын таратып жатышканда кармоо башталганын айтты. Саясий туткундар жана саясий негизде айыпталгандарга тилектештик билдирген “Тергөө комитетин басып ал” (“Оккупай СК”) деген акциялар ар бейшембиде Москвада Тергөө комитетинин алдында өтүүдө.

XS
SM
MD
LG