Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Кендер боюнча аукционду үзгүлтүккө учураткандар камалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” журналист Жолдошбек Токоев билдирди. Анын айтымында, бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Карыпбек Серенов менен Ыргалай Бекмуратова аялды кармап кетти. Шаардык милиция азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов аукционду болтурбай койгондордун артында ким турганы териштирилерин, буга байланыштуу тапшырма тиешелүү органдарга берилгенин өкмөт жыйынында билдирген.

28-августта Коомдук телерадио корпорациясынын аукцион өтчү залына “Асаба” партиясынын лидери Салморбек Дыйканов баштаган 40ка чукул коомдук активист кирип барып, инвесторлорду кубалап чыккан.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин билдиришинче, аукционго коюлган 12 кен үчүн Түркия, Орусия, Польша жана Кытайдын 48 компаниясынан арыз түшкөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG