Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Пакистанда Куранды өрттөдү деп айыпталган кыздын камак мөөнөтү узартылды


Пакистандын соту айыптар такталып бүткөнгө чейин кызды дагы жарым айга абакта калтырууну буйруду. Адвокат Тахир Навед Чауд-Хыры күрөгө акча коюп, кызды эртең чыгарып алууга үмүт бар экендигин билдирди.

Пакистандын сыналгысы жүзү таанылбасы үчүн башына ак чүпүрөк жабылган кыздын сотто отурганын көрсөттү. Аны мусулман коңшусу Куранды өрттөдү деп айыптаган. Башкалар Исламабаддын жарды ооданында жашаган бул кыз болгону таштандыдан алган кагаз менен от тамызганын айтышкан. Ушул аптада таратылган дарыгерлердин отчетунда кыз 14 жашта, бирок акыл-эсинин өнүгүшү артта экендиги айтылат. Пакистанда Куранга акаарат келтирген адам өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG