Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Дербишеванын баш коргоо чарасын өзгөртүү суралууда


Пара алды деп кармалган Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Социалдык камсыздандыруу департаментинин директору Гүлнара Дербишеванын баш коргоо чарасын өзгөртүү суралууда. Мындай өтүнүч менен Бишкек шаардык сотуна кайрылганын адвокат Искендер Жоробаев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Дербишеванын алты баласы бар. Алардын үчөө жашы жете элек, күйөөсү экинчи топтогу майып.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы кызмат 31-августта Гүлнара Дербишеваны 7 миң доллар пара менен кармаган. Маалыматта Дербишева Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп турган учурда чет өлкөгө бала асыроо боюнча сынакка катышкан чет элдик уюмдан 30 миң доллар пара алгандыгы белгиленген.

Башкы прокуратура “пара талап кылуу”, “пара алуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда Дербишева УКМКнын убактылуу жайында кармалууда. Тергөө-иликтөө иштери уланууда.

Буга чейин ушундай эле шек менен социалдык коргоо министри Равшан Сабиров камакка алынып, кийинчерээк үй камагына чыгарылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG