Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

Бишкекте Кыргызстан-Германия инвестициялык форуму өтүүдө


Бүгүн Бишкекте башталган кыргыз-герман инвестициялык форумунда 2012-жылдын алты айында эки өлкөнүн товар алмашуусу 102,5 млн. доллардан ашканы айтылды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 90% өскөндүгүн көрсөтөт. Анын ичинде экспорт 8 млн. ашуун, импорт 94 млн. түзөт.

Форумга Германиядан курулуш, байланыш, өнөр жай, транспорт жана энергетика тармагында иштеген ишкерлер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү болуп 30 киши келген. Форум эртең да уланат. Бул тууралуу Экономикалык өнүгүү жана монополияга каршы саясат министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG