Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Эшимканов фонду бильярд жана шахмат турнирин өткөрөт


Белгилүү журналист жана коомдук ишмер Мелис Эшимканов атындагы фонд 8-сентябр – журналисттердин тилектештик күнүндө Эшимкановдун жаркын элесине арналган бильярд жана шахмат боюнча турнир өткөрөт.

Мелис Эшимканов көзү тирүү болгондо быйыл 50 жашка толмок. Курч калемдүү журналисттин мааракесине арналган бул иш-чара "Дасмия" эс алуу борборунда өтөт.
Турнирге катышууну каалаган журналисттерге жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнө да эшик ачык экенин турнирдин уюштуруучулары "Азаттыкка" кабарлады. (RK)

 

XS
SM
MD
LG