Бул тууралуу коалициялык көпчүлүктүн келишимине кол коюу учурунда айтылган. 3-августта өткөн жыйында парламенттик коалицияны түзгөн Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Жантөрө Сатыбалдиевге эки күндүн ичинде жаңы өкмөттүн мүчөлөрүн сунуштоосун тапшырган. Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйыны болот.
Өкмөт башчылыкка Жантөрө Сатыбалдиевди Социал-демократтар фракциясы сунуштап, калган фракциялар аны колдоду.
4-августта коалициялык көпчүлүккө кирген “Ар-намыс” фракциясы өкмөттөгү айрым мүчөлөрүн чакырып алды.
Жаңы коалициялык көпчүлүккө “Ар-намыс”, “Ата-Мекен”, КСДП фракциялары кирип, ал 67 депутаттан турат. “Республика”, “Ата-Журт” фракцияларынан бирден эл өкүлү кошулду. Коалициялык көпчүлүк азыркы өкмөттүн курамын көп өзгөртпөөнү убадалаган. (AKu)