Кийинки жумада Жогорку Кеңеш комиссия түзүп, Абдулла Юсуповдун “Ата Мекен” фракциясынын айрым депутаттарынын талоончулукка тиешеси бар деген билдирүүсүн иликтейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 5-сентябрдагы парламент жыйынында билдирди.
Асылбек Жээнбеков маселе иликтенип, чечим чыкмайынча кесиптештерин бул темага кайрылбай, ар кимди соттун чечимисиз мародер атабай турууга чакырды.
Парламент өкмөт курамын талкуулап жатканда “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева ички иштер министринин кызмат ордуна сунушталып жаткан Зарылбек Рысалиевге “мародер депутаттардын ишин адилет аныктап чыгасызбы” деген суроо берген эле.
Жакында апрель окуясынан кийинки талап-тоноочулукта айыпталып, тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов ага “Ата Мекендин” 4 депутаты буйрук бергенин НТС телеканалы аркылуу айтып чыккан. (AKu)