Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Москвада кыргызстандык курсанттар токмоктолду


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкери. (Сүрөттүн бул окуяга тиешеси жок)
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкери. (Сүрөттүн бул окуяга тиешеси жок)

Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын академиясында окуган Кыргызстандын алты жараны мушташтан жабыр тартты.

Бул маалыматты Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тастыктады. Коопсуздук органдарында иштеп кеткен чекисттер кийинки мезгилде атайын кызматтын офицерлерин даярдоо тармагын да коррупция аралап, тааныш-тамыры аркылуу аталган академияга окууга киргендердин саны көбөйүп кеткендигин белгилешүүдө.

Чыныгы себеби белгисиз чыр

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясында окуган Кыргызстандын алты жараны жапырт мушташтан жабыркагандыгын Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети да тастыктады.

Аталган мушташ 4-сентябрь күнү аталган академиянын жатаканасы жайгашкан Москванын Хавск көчөсүндө болгон. Жергиликтүү полиция окуянын катышуучуларын жеринен тапкан эмес. Бирок ошол түнү Орусиянын Коопсуздук академиясында окуп жаткан Кыргызстандын алты жараны ар кандай жараат менен Москвадагы ооруканага кайрылган.

Жабыркаган кыргызстандык курсанттардын ичинен 19 жаштагы эки курсант бычак жеп, оор абалда оорукананын реанимация бөлүмүнө түшкөн. Мушташтан мээси чайкалып, денеси көгала болгон 20 жаштагы калган төрт курсант алгачкы медициналык жардам алган соң, ооруканадан чыгып кетишкен. Учурда полиция бул окуянын чоо-жайын териштирип, мушташтын себептерин иликтөөдө. Кыргызстандык курсанттар кимдер менен мушташканы азырынча белгисиз.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева окуянын себептерин ачык жарыялай албай турганын мындайча белгиледи:

- Федералдык коопсуздук кызматынын тиешелүү мекемелери жабык мекеме болгондуктан анын маалыматтары ачыкка жарыяланбайт экен. Аталган академия өзү мына ошол мамлекеттин тиешелүү коопсуздук органдарына өзүнүн органдары аркылуу гана окуянын чоо-жайы боюнча маалымат берет экен. Ошондуктан биз ал окуя боюнча кандайдыр бир маалыматтарды алып, аны жарыялоого акыбыз жок.

Академияга кимдер тандалат?

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы менен болгон макулдашуусуна ылайык, жылына Кыргызстандан жыйырма курсантты аталган академияга кабыл алат. Бирок кийинки 3-4-жылда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясы Кыргызстандын квотасын он адамга кыскарткан болчу. Аталган орундар үчүн тандоо сынактарын Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети жүргүзөт.

Аталган окуу жайга эң жакшы көрсөткүчтөр менен тапшырып, бирок өтпөй калган абитуриенттердин бири өзүнүн ысымын ачыктабоону суранып, окуу жайга кабыл алуунун көмүскө жактары тууралуу буларды билдирди:

- Чынында аталган жай элиталык окуу жайы деп саналганы менен окууга кабыл алуудагы жалпы көрүнүштөрдөн башка окуу жайларынан айырмаланбайт. Ал жакка чоң байланыштары бар, бийликтеги адамдардын балдары же алардын туугандарынын балдары белгилүү бир гана чөйрөнүн ичиндеги сүйлөшүүнүн негизинде тандалып алынат тура. Биз аны билбей эле убара болуп тапшырып алыппыз. Анын бардыгын далилдеп айтып чыгуу да мүмкүн эмес. Анткени бир эле учурда жобого ылайык тандоо жүргүзүлөт дегени менен анын көмүскө бир жагдайлары толтура. Ал жакка окууга кирүүгө карапайым адамдардын балдары үмүттөнбөй эле койсо болот. Анткени мен ал окууга тапшырып көрүп, көзүм жетти.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов курсанттарды тандап алууда чынында эле коррупция күч экендигин белгиледи. Ал мындай өнөкөт Бакиев башкаруусунун жана Убактылуу өкмөттүн учурунда кеңири кулач жайганына токтолду:

- Мындай нерселер Бакиев бийлигинин тушунда күчөп, кийин атайын кызматка Дүйшөбаев келгенде кайра улантылды. Мен билгенден Жаныбек Бакиевдин бир уулу, ал жакка окууга кирип, бирок көпкө окубай кайра чыгып кеткен. Негизинен ал жакка бийликте байланышы бар же акчалуу адамдардын балдары тандалып жатканы жашыруун эмес. Бирок бардыгы эмес. Мына ошого окшогон балдар калган курсанттардын атын булгап, жанагыдай тентектик иштерге аралашып жаткан болсо керек.

Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мындай маалыматтарды жокко чыгарды. Атайын кызматтын маалымат борборунун башчысы Нурлан Токталиев окууга тандап алуудагы ага окшогон жат көрүнүштөр жойулган деп билдирди:

- Мүмкүн мурда ошондой болсо керек. Бирок азыркы учурда аталган окуу жайга тандап алуудагы андай жат көрүнүштөр дээрлик жок десе болот. Анткени аталган окуу жайга кабыл алуу ачык-айкын жүрүп, анын шарттары жана эрежелери так-таамай аныкталган. Окууга кирүүнү каалаган жаран физикалык даярдыгы, психикалык саламаттыгы жана билим деңгээли боюнча сынактарды тапшырып, анын жыйынтыгы боюнча окууга тандалып жатат.

Учурда Кыргызстандан барган жүзгө чукул курсант Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясында атайын квота менен билим алышууда. Мындан сырткары Кыргызстан атайын кызматка офицерлерди Түркиянын жана Казакстандын атайын окуу жайларында чектелген квотанын негизинде даярдайт.

XS
SM
MD
LG