Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Түлеевдин иши боюнча депутаттык комиссия ишин улантмай болду


“Ата-Журт” фракциясынан депутат Нариман Түлеевдин кармалышын иликтеген депутаттык комиссия ишин улантат. Мындай токтомду бүгүн Жогорку Кеңеш колдоду. Депутат Курманбек Осмоновдун “Азаттыкка” айтымында, эми бул комиссия дагы бир "атажуртчу" депутат Нурлан Сулаймановго кылмыш иштин козголуш себептерин кошо иликтемей болду.

Бишкектин мэри болуп иштеген учурда автобус сатып алууда бюджетке зыян келтирген деп айыпталган Нариман Түлеев 25-июнда 21-августка чейин УКМКнын тергөө камагына алынган болчу. Кийин ага таштанды тазалоочу унаа сатып алууда коррупциялык иштерди жасаган жана бала бакчаны мыйзамсыз сатып жиберген деген айып коюлган. Эми депутаттык комиссия Түлеевге коюлган экинчи кылмыш иштин себептерин да бир ай убакыттын ичинде иликтеп чыгат.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Сулаймановго Башкы прокуратура транспорт жана коммуникация министри кезинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган (Кылмыш кодексинин 304-беренеси) деген айып коюп. Кылмыш ишин козгогон. Натыйжада жол-курулуш техникасын алып келүүдө мамлекеттик казына 250 млн. чукул сом зыянга учураган. (KЕ)

XS
SM
MD
LG