Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:16

Москвада оппозициянын антикапиталисттик жүрүшү өттү


8-сентябрда бийликтердин уруксаты менен солчул-оппозициячыл күчтөрдүн “Капитализимге каршы жүрүш” деп аталган акциясы өттү. “Азаттыктын” орус кызматы кабарлагандай, акцияда миңден ашык адам “Полянка” метросунан тарта Якиман, Крым көчөлөрү менен жүрүш жасады. Андан соң 300дөй адамдын катышуусу менен Сүрөтчүлөрдүн борбордук аянтында митинг өттү.

Анда митинг катышуучулары президент Владимир Путиндин жүргүзүп жаткан саясатын сындоо менен менчиктештирүүнүн жыйынтыгын четке кагып, мамлекет байлыгын жумушчуларга кайрадан бөлүштүрүүнү талап кылышты.

Акцияны Коммунистик партия, “Солчул блок” жана каттоодон өтпөгөн “Башка Орусия” партиясы уюштурду.

XS
SM
MD
LG