Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Эл аралык кредиторлор Грекия жетекчилиги менен жолугат


Эл аралык кредитторлор бүгүн Афинада Грекиянын премьер-министри Антонис Самарас менен жолугат. Анда кескин үнөмдөө менен кризистен чыгуунун жолун сунуштаган эл аралык кредиторлор грек бийликтерин бул саясатты тезинен аткарууга чакырат деп күтүлүүдө. Муну менен катар Евробиримдик, Эл аралык валюталык фонд жана Европа борбордук банкынын өкүлдөрүнөн турган аудиторлор Грекиядагы абалды байкап, 31,5 миллион евро өлчөмүндөгү кезектеги насыянын шарттарын изилдеп жатат.

Талдоочулар Грекиядагы кризис мурда күтүлгөндөн тереңдеп кеткенин белгилешет. Мындан улам Афина берген убадасын аткарып, бюджеттик үнөмдү күчөтүү үчүн кошумча убакыт сурап жатат. Бирок Грекиянын бул суранычын орундатуу боюнча Евробиримдиктин мүчөлөрүндө орток пикир жок.

Грекия өкмөтү Евробиримдиктен кийинки акчалай колдоо алуу үчүн 2015-жылга чейин бюджеттик чыгымдарды 11,5 миллиард еврого кыскартышы зарыл.(BkA)

XS
SM
MD
LG