Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:58

Тажикстанда тыюу салынган диний уюмдун мүчөсү деп шектелгендер кесилди


Тажикстандын Жогорку Сотунда жабык эшик артындагы жараянда “Жамаат Ансарулла” тобунун мүчөсү деп шектелген 15 адамдын 12си 5 жылдан 24 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышты.

Бул сот жараян 30-августта башталган жана “Жамаат Ансарулла” тобуна май айында тыюу салынгандан бери анын мүчөлөрүнүн алгач ирет соттолуусу болду.

Айыпкерлердин көбү 2011-жылы Тажикстандын чыгышындагы Рашт өрөөнүндө өткөрүлгөн антитеррордук операция учурунда камакка алынышкан. Кээ бирлери Пакистанда туткундалган.

“Жамаат Ансарулла” тобу былтыр бир нече тасма чыгарып, тажик жарандарын “динсиздерге” каршы жихад жарыялоого үндөшкөн. (UE)

XS
SM
MD
LG