Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Алматыдагы жол кырсыгынан төрт кыргызстандык набыт болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Замандаш” ассоциациясынын маалымат катчысы Наргиза Дүйшөмбаева кабарлады. Окуя бүгүн түнкү саат экилер чамасында Алматы шаарына кире бериштеги Ал-Фараби көчөсүндөгү айланма жолдо болгон. Маалыматка ылайык, “Мерседес” менен “Хонда” үлгүсүндөгү машинелер кагышкан. “Хондадагы” жети кыргызстандык жүргүнчүнүн үчөө ошол замат жан берген. Алар: 1987-жылы туулган Айнура Жороева, 1980-жылы туулган Гүлбарахан Маматаева жана 1982-жылы туулган, 9 айлык кош бойлуу Алтынкыз Жороева. Ал эми Жаркынай Усманова күндүз ооруканада көз жумду. Учурда Алматыда иштеген кыргызстандыктар алардын сөөктөрүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн каражат топтошууда. Дүйшөмбаеванын айтымында, ооруканага жаткырылган дагы үч кыргызстандыктын абалы оор.

Ал эми 10-сентябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 276-чакырымында машинелер кагышып, 3 адам каза болуп, 8 адам жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG