Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:45

МАГАТЭ Иранды сындаган резолюция кабыл алды


Бириккен улуттар уюмунун атомдук энергетика агенттиги Иранды өзүнүн ядролук программасы боюнча толук кызматташпагандыгын сынга алган резолюцияны жактырды. Анда Ирандын уранды байытууну улантып жатышына жана оор суу менен иш-аракеттерине «терең тынчсыздануу» билдирилет. Ирандын МАГАТЭдеги элчиси Али Асгар Солтание Венадагы маалымат жыйынында бул документти Батыштын кризисти дагы саясатташтыруу аракети катары баалады:

Резолюция Ирандын маселесин чечкен жок. Ал тескерисинче абалды татаалдаштырып, аны дагы саясатташтырды. Ал кызматташтык маанайга коркунуч келтирип жатат. Өткөндөн сабак алыш керек эле. Коопсуздук кеңеши же МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши кандай гана резолюцияны жактырбасын, ал тескери жыйынтык берет. Ошондуктан мен ар дайым МАГАТЭ менен ызы-чуу салбай иштөөгө кеңеш берем.

XS
SM
MD
LG