Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Путин: Жакынкы Чыгышта тополоң башталышы мүмкүн


Путин Жакынкы Чыгышта тополоң башталат деген тынчсызданусуун билдирди. Сыналгыдан көрсөтүлгөн сөзүндө Орусиянын президенти Владимир Путин исламга шек келтирет делген көркөм тасмага байланыштуу чыккан тополоңдо Ливияда америкалык элчинин дагы үч америкалык жаран менен кошо өлтүрүлүшүн айыптады:

– Мында эл аралык конвенциялар менен корголгон дипломаттардын өлтүрүлүшү жөнүндө сөз болуп жатат. Эгер кимде ким эл аралык мыйзамды кабылдабаса, алар өздөрүн мыйзамдан гана эмес, заманбап цивилизациядан да сырткары коюп жатат.

Путин Араб жазындагы төңкөрүштөрдөн кийин бийликке келген жаңы өкмөттөрдү өз өлкөлөрүндөгү коопсуздук үчүн жоопкерчиликти толугу менен өздөрүнө алууга чакырды.

XS
SM
MD
LG