Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Нааразылык чыккан Чаткалда кырдаал тынч


Чаткалда жергиликтүү тургундар менен кен иштеткен компаниялардын ортосунда чыккан нааразылык жөнгө салынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Мелис Шералиев билдирди. Кечээ Чаткалдын Жаңы-Базар айылынын айрым тургундары кен казган фирмалардан бузулган жолдорду оңдоп, кум төгүп берүүнү кайрадан талап кылып чыгышкан.

Чаткалда мындай нааразылык акциялары апта башынан бери орун алып, 9-10-сентябрь күндөрү жергиликтүү тургандар жол тосконго чейин барышкан. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, аймактагы беш фирма жергиликтүү тургундардын талабына көңүп, 80 чакырым жолду куруп, оңдоп берүүгө макулдугун билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG