Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Жапон-кытай талаштуу аралына кытайлык 6 кайгуул кемеси кирди


Жапониянын жээк күзөтчүлөрү эки өлкөнүн талаштуу аралындагы жапон суусунда 6 кытайлык кайгуул кемеси пайда болуп, алардын эскертүүсүнөн кийин эки кеме артка кайтканын билдирди. Эскертүүгө баш ийбеген калган 4 кемеге күч колдонулган эмес. Жапон премьер-министри Йосихико Нода аралда жүргөн 4 кытай кемеси дыкат көзөмөлдө экенин айтты. Жапониянын министрлер кабинетинин баш катчысы Осама Фузирима окуя тууралуу мындай деди:

- Буга чейин биздин аймактык суубузга кытайлык 6 кеме эч качан кирген эмес. Жээк күзөтчүлөрүнүн сунушу менен мен бул боюнча кенен сүйлөбөй турайын, бул - тез чалгын кызматынын ишине кирет. Бирок биз бул боюнча керектүү чараларды көрөбүз.

Учурда Жапония көзөмөлдүк кылган Сенкаку аралын Кытай бизге таандык деп талашып, аралды Дяоюйтай деп атап алган. Бул талаштуу аралда жаратылыш газынын жана кара майдын запасы болушу мүмкүн деген божомол бар.
Жапония арал жеке адамга таандык экенин айтып, аны сатып алганын жарыялагандан кийин кытай өкмөтү муну мыйзамсыз жорук деп атап, аралды Кытайдын ажырагыс бөлүгү деп билдирген.

XS
SM
MD
LG