Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Тажикстан менен Өзбекстан чек арадагы аткылашуу боюнча бири-бирин айыптоодо


Бүгүн Дүйшөмбү жана Ташкент 11-сентябрдагы чек арадагы аткылашуу боюнча бири-бирин күнөөлөгөн билдирүү таратты. Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматы Согди облусундагы Чапан Шахристан районунун Өзбекстан менен чектешкен аймагына бир атчан өзбек жараны 150-200 метрге чейин кирип келип, чөнтөк телефону менен видеого тарта баштаганын, ал эскертүүгө карабай качып жөнөгөндө тажик чек арачылары ок чыгарууга мажбур болгонун билдирди. Бул аралыкта Өзбекстандын чек арачылары да ок атып, мыйзам бузган жарандын жашынып калышына көмөк берген. Ал эми өзбек тарап болсо жөн жай мезгилде эле тажик чек арачылары өзбек чек арасы тарапка ок чыгарып, бир чек арачы жараат алып, бирок алар жооп кайтарбаганын билдирди. Азыр бул окуя боюнча иликтөө иштери башталганын эки тарап тең маалымдады.

XS
SM
MD
LG